Орусиянын Чебоксары шаарында 1 жаштагы кыз тереңдиги 3 метрди түзгөн суу түтүктөрү өтүүчү люкка түшүп кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 14-июнда орун алган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
"Көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда ойноп жаткан кыз капкагы ачык калган люкка түшүп кеткен. Натыйжада ал колун сындырып, ооруканага жаткырылган. Учурда люктун капкагы эмне себептен ачык калганын аныктоо иштери жана ага жоопкерчиликтүү болгон кызматкерлер көрсөтмө берүүдө", - деп айтылат маалыматта.