Активист Мирбек Айтикеев: "Бабанов Жээнбековдун командасына кошулса, ага чоң реформаларды жасоого эркиндик берилбейт". КҮНСОБОЛ

Президенттин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Москвага барып Өмүрбек Бабановго жолукту деген маалымат интернетке желдей тарады. Мындан тышкары бийлик тараптагы депутаттар Төрөбай Зулпукаровдун жана Канатбек Исаевдин Москвадагы сүрөттөрү социалдык тармактарда жайгаштырылды. Азырынча аталган саясатчылар бул маалыматтарды четке каккан да, ырастаган да жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бабанов тирешип жаткан эки "достун" кимисине кошулса салмагын арттырат деп ойлойсуз?" деген соболуна активист Мирбек Айтикеев жооп берди.

Анын пикиринде, Бабанов көпчүлүк эл тарапта болушу шарт.

"Бабанов тууралуу кандай гана сөздөр айтылбаганы менен ал бүгүнкү саясатта өзүнүн орду, шайлоочулары жана командасы бар саясатчы. Мындан тышкары анын президенттик шайлоодогу рейтинги, каржылык жана медиа жактан өзүнүн артыкчылыктары бар. Бабанов кайсы тарапка кошулса, ошол тараптын салмагы артат, бирок ал өзүнүн жеке инсан катары аброюн жоготуп алышы мүмкүн. Айрыкча бийлик тарапка өтсө. Себеби бүгүнкү бийлик чоң реформаларды жана өзгөрүүлөрдү жасай албаганын көрсөтүп жатат. Бабанов ушу команданы колдой турган болсо, өкмөткө келеби же башка тармакка барабы, ага эркиндик берилбейт. Эркиндик ала албагандан кийин ага чоң реформаларды жасаганга чамасы келбейт. Демек, өзүнүн жана жеке лидер катары аброюн жоготуп алат. Ошондуктан ал кандай болгон күндө да көпчүлүк эл тарапта болуш керек, ошондой болсо уттурбайт.

Бирок Бабанов кайсы бир тарапка өтөрү менен маселе чечилип кетет деп ойлогондон алыс болуу керек. Азыр эки дасыккан саясатчылардын тиреши болуп жатат. Демек, бул жерде андан башка да чоң оюнчулар бар. Ошондуктан Бабанов эле кайсы бир тарапка оор салмак кошот деген - бул аша чапкандык. Эл тарапта болуш керек, ошондо ал өзүнүн аброюн жана болочогун жоготпойт", - дейт Айтикеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан