Дастанбек Жумабеков: "Аялымдын чакан компаниясы бар"

"Аялымдын чакан жеке компаниясы бар" деп бүгүн, 3-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жыйынтыктоочу жыйында билдирди.

"Аялыма таандык кичинекей компания бар экенин моюнума алам. Анын чакан экенине түшкөн каражатка карап ынанса болот. Бирок жакынкы убакыттан бери ар кандай ушак сөздөрдөн алыс болуу үчүн ишмердүүлүгүн токтотту", - деди ал.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, төраганын жубайы Алина Кушубековага "Ал-Био Фарм" фармацевтикалык компаниясы таандык. Аталган компания 2018-жылы бюджетке 93 миң 192 сом өлчөмүндө салык төлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан