Өкмөт айт майрамдарына карата атайын чечим кабыл алды. Чечимге ылайык өлкөнүн бардык аймактарында 8-август күнү Орозо айт жана 15-октябрда Курман айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Аптасына 5 күн иштеген мекемелердин кызматкерлери үчүн 9-август жана 14-октябрдагы иш күндөрү 17-августка жана 12-октябрь күндөрүнө которулат.