"Сабырдуулук керек". Жээнбеков Баткендин тургундарын чагымчылыкка алдырбоого чакырды

"Такталбаган чек аранын айынан ар кандай окуялар орун алууда. Ошондуктан чагымчылдарга алдырбай, "алыскы туугандан - жакынкы коӊшу артык" дегендей, коӊшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу өзгөчө маанилүү", - деп бүгүн, 4-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт. Чек аранын бекем болушу – ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыӊыздар, майтарылбас эркиӊиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй – бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз", - деди президент.

Өлкө башчы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз 85 пайызга такталганын айтты.

"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Менин Дүйшөмбүгө жасаган расмий сапарымда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, максатка токтолдук. Жакында ал Кыргыз өлкөсүнө сапар менен келет, сүйлөшүүлөр уланат. Биз чек ара маселесин эч качан ачык бойдон таштап койбойбуз. Тажикстандын президенти да, мен дагы сүйлөшүүлөргө ачыкпыз. Чек ара маселеси эртеби-кечпи сөзсүз түрдө чечилет. Ал үчүн убакыт, анан сабырдуулук керек. Анткени 30 жылдан бери келе жаткан маселе убакытты талап кылат, дароо эле чечилбейт", - деди президент.

Өлкө башчы чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Бирок ар кандай чагымдарга алдырбай, ага жол бербестен, укук коргоо органдарына өз ишин аткарууга мүмкүндүк берүү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан