Киши колдуу каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн Калыйбек Элтуйбасовго жана анын үй-бүлөсүнө АКШдан баш паанек берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аида Салянованын туугандары билдирди.
Маалыматка ылайык, чечимди АКШнын иммиграциялык соту 2019-жылдын 12-февралында чыгарган.
"Ал жактагы соттор бардык маалыматтарды карап көрүп анан чечим чыгарыптыр. Бизге бул маалымат жакынкы күндө гана колубузга келип түштү", - деди Элтуйбасовдун жакындары.
2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Аида Салянованын тууганы Калыйбек Элтуйбасов (Саляновдун) кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.