Саат 16:00гө карата Бишкекте жалпы шайлоочулардын 18,36 пайызы гана шайлоого катышты
Саат 16:00гө карата Бишкекте 63 593 шайлоочу, башкача айтканда, каттоодон өткөн шайлоочулардын 18,36% пайызы гана өз добуштарын берип бүтүштү. Бул тууралуу боршайкомдун сайты маалымдайт. Айта кетсек, борбор калаада жалпысынан 346338 шайлоочу каттоодон өткөн. Райондор боюнча бөлүп карасак, Ленин районунда 21 874 жаран (23,2%) добуш берсе, мындай көрсөткүч Октябрь районунда - 11 100 (12,03%), Биринчи Май районунда - 8 494 (12,31%) жана Свердлов районунда - 22 125 (24,37%).