Өлкөдөгү 3 театрды оңдоого жалпы 198 миллион сом бөлүндү. Каражат бөлүү чечимине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат театралдык оюн-зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнөт. Анда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын оңдоого 84 миллион 605 миң сом, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынына 97 миллион 658 миң сом жана Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого 16 миллион сом бөлүнмөй болду.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, маданий борборлордун имараттары 1970-1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен оңдолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдоп-түзөөдөн өткөн. Филармония акыркы жолу 2007-жылы ремонттолгон.