Жол оңдоп жаткан жумушчулардын бирин унаа сүзүп, бирөөсүн сабап кетишти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой 5-июлда саат таңкы 5те Абдырахманов жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кыматкерлери жолдо оңдоо иштерин жүргүзүшүп жаткан.
"Ошол учурда Honda Fit унаасынын айдоочусу мас абалында кызматкерлерди ок атуучу курал менен коркутуп, бирөөсүн башына уруп окуя болгон жерден качып кеткен. 29 жаштагы кызматкер учурда ооруканада дарыланууда.
Ал эми 6-июлга караган түнү ошол эле жерде жол оңдоп жаткан кызматкерди унаа сүзүп кетти. Айдоочу унаасын башкарып бара жатканда телефонго алаксып калганын айткан. 1974-жылы туулган жаран учурда 4-шаардык ооруканада эс-учун жоготкон абалда жатат. Шаардык ишкананын кызматкерлери жол коопсуздугунун эрежелерин сактап иштеп жатышкан", - деп айтылат маалыматта.