Бишкекте 15 жаштагы Камила Качкымбаева 6-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюна дайынсыз болуп изделип жатат. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына изделип жаткан өспүрүмдүн курбусу билдирди.
"Камила Качкымбаева Чүй облусунун Ленин айылындагы үйүнөн 6-июль күнү кечки саат 22:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал ата-энеси менен чогуу жашачу. Камила акыркы жолу мени менен сүйлөшкөн, бирок эч нерсе айткан эмес. Андан кийин эле телефону өчүк болуп калды. Бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабар бердик", - дейт ал.
Камила Качкымбаеванын бою 174 сантиметр, чачы узун, кара.
Сүрөттөгү изделип жаткан өспүрүмдү көрүп-билгендер болсо, төмөндөгү телефон номерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0551 70 80 69.