Ысык-Көл. Шайлоо өз нугунда өтүүдө

Ысык-Көл облусунда жалпысынан 192 шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Акыркы такталган маалыматтарга караганда, шайлоочулардын саны облус боюнча 190676 адамды түздү. Ошондой эле бүгүн ыйгарымдуу өкүлдүн аппаратында, райондук мамлекеттик администрацияларда жана Чолпон-Ата шаардык мэриясында штабдардын мүчөлөрү, аппараттардын жооптуу кызматкерлери, укук коргоо органдары, байланыш, электр тармактар, тез медициналык кызмат көрсөтүүлөр, өрткө каршы кызмат, өзгөчө кырдаалдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган кезекчиликтер толук курамда иштешүүдө. "Шайлоого облустагы кадыр-барктуу аксакалдар, алды 80-90 жаштагылардан тартып быйыл биринчи жолу шайлоого катышып жатышкан эң жаш шайлоочулардан бери активдүү катышууда",- деп билдиришүүдө аймактык комиссиялар. Ушул убакытка чейин бир дагы мыйзам бузуу каттала элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан