КҮНСОБОЛ: Атамбаев суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби? Депутат Талант Мамытов: "Тергөөчүлөрдүн суракка мажбурлап алып келүү укугу бар"

8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов жооп берди.

Анын айтымында, эгер Атамбаев мыйзамды сыйласа, суракка келип актыгын далилдөөсү зарыл.

"Бул иш мыйзам чегинде болушу керек. Ал киши Кыргыз жараны болгондон кийин мыйзамга баш ийиши зарыл. Тергөөчүлөр кайсы бир ишти оюнан чыгарып, чакыруу жаза албайт жана чечим чыгара албайт. Сөзсүз ар тараптуу иликтеп чыгуу үчүн Атамбаевдин өзүн суракка чакырыш керек. Ошон үчүн ал суракка барып, жакшы адвокатын алып, актыгын далилдеп, фактыларды негиздеп көрсөтүүгө тийиш. Мыйзамда талаптар ошондой.

Эгер тергөөгө тоскоолдук кылса, анда мыйзам чегинде Жаза-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык, тергөөчүнүн аны суракка мажбурлап алып келүү боюнча токтом чыгаруу укугу бар. Бирок андайга эч ким жеткирбейт деп ишенем", - деди Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан