8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген соболуна саясатчы Бектур Асанов жооп берди.
"Баары мыйзам чегинде болсо, бийлик чагымчылдыкка алынбай так иштесе, эч нерсе болбойт, саясий кырдаалга таасир этпейт. Алмазбек Атамбаев камалганы менен саясат токтобойт, себеби анын жактоочулары, колдоочулары митинг уюштурат, чогулуштарды өткөрөт. Мындай айтканда, саясий күрөш улана берет. Бирок бул нерсе чоң саясий окуяга алып келбейт.
Учурда Атамбаевдин айласы кетип калды, ал эптеп камалбаштын амалын издөөдө. Саясатчы катары, жигит катары деле сотко барышы керек, акталса акталып, күнөөсүз экенин далилдеши керек. Ал эми сотко ишенбей жаткан болсо, аны убакыт жана тарых актайт. Суракка барбай качып жаткандыгынын бир себеби корккондугунда деген ойдомун", - дейт Асанов.