Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирнов расмий издөөгө алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кылмышка шектүү чет жакка чыгып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ал аймакты жакшы билет" дейт маалымат кызматы.
Шектүүнүн өзгөчө белгилери бою 160-170 сантиметр, көзү күрөң, чачы сары, спорттук дене түзүлүштө.
Кимде ким шектүүнү көрүп же таанып калгандар болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 14 88 41, 0707 27 99 94, 03922 5 45 50, 5 45 05, 6 03 21, 102
Окуянын чоо-жайы:
4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы Сергей Смирнов Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Мындан сырткары ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып, кийин кайра коё берген.