Мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Систем өзгөрмөйүнчө Финпол жүз ирет иликтесе да, анын жыйынтыгынан акыйкаттыкты күтүүгө болбойт". КҮНСОБОЛ

Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.

Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.

Буга байланыштуу "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген соболго мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.

"Азыркы систем өзгөрмөйүнчө Финпол жүз ирет иликтесе да, анын жыйынтыгынан акыйкаттыкты күтүүгө болбойт. Анткени Ак Үйдүн 7-кабатына чейин жеткен коррупциянын тамыры дагы деле кыркыла элек.

"Раим-миллион" дейбизби, Эшмат же Ташмат дейбизби, бул жөн гана элдин көңүлүн башка жакка бурууга ыңгайлашкан образдар. Мындай образды жараткан технологдор коррупциянын чыныгы анабашчыларын жаап-жашырууга, карапайым элдин көңүлүн башкага бурууга кызыкдар. Ошондуктан мен элибиздин көңүлүн "образдарга" эмес, мамлекеттик-коррупциялык системди орноткон жогорку тепкичтеги саясатчыларга бурууга чакырат элем.

Элибиздин трагедиясы - бул 30 жылдан бери бийликти каалагандай калчаган президенттер жана элди ит минген абалга жеткирип, шайлоолордо добушун сатуу деңгээлине түшүргөн саясатчылар", - деди Султан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан