Депутат Исхак Масалиев: "Бажы кызматында иштеп кеткен адам катары айтсам, 700 миллион доллар - бул товардын баасы". КҮНСОБОЛ

Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.

Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

"Менин билишимче, Финпол журналисттердин иликтөөсүндөгү материалдын негизинде текшерүү жүргүзүп, учурда 25 миллион доллар боюнча далил тапты. Финполдун учурда "журналисттер калган материалдарды бербей жатат" дегенин кандай түшүнүү керектигин билбейм. Эгер маалымат агенттигинин мүмкүнчүлүгү болсо, ал материалдарды берип койсо болмок. Себеби Финпол кайсы банктан которулганын билбесе кантип иликтемек эле? Бирок менин пикиримде, ал материалдар деле чийки болсо керек.

Иликтөөдө 700 миллион доллар суммадагы которуулар болгон экен, бизде бүгүнкү күндө 250 миллион доллар которулганы боюнча далил бар деп айтылды. Бирок бул маалыматтарды Финпол сураганда 25 миллион боюнча далил бар деп жооп кайтарып жатышат. Учурда бул туурасында ар кандай сөздөр тарап жатат. Бири ишенсе, экинчиси ишенбейбиз деп жатат. Андай болсо иликтөөнү Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына тапшыруу керек. Мен ишенем же ишенбейм деп айта албайм, себеби менде башка маалымат жок.

Бажы кызматында иштеп кеткен адам катары айтсам, 700 миллион доллар - бул товардын баасы. Иликтөөдө уйгурлардын компаниясы аталып жатат, андай 3-4 ишкана бар. Себеби ай сайын тизме менен миллиондорду которуп турат. Базарда ири суммада товар алгандардан деле сурай турган болсок, алар деле ай сайын 100 миң, жарым миллион, 1 миллионду которуп же конвертке салып, ал акча менен Үрүмчүгө барып товар жөнөтөт. Бул эң жөнөкөй түшүнүк.

Тиги жигит 700 миллион долларды 5 жылда тапты дегенге ишенесизби? Андай болбойт, андай боло турган болсо күн сайын миллион сомдон топтош керек экен. Бул сатып алган товардын наркы болушу мүмкүн деген ойдомун. Ал эми башка которуулар боюнча изилдөө керек. Миллион, миллиард деген сандарды айтканды токтотуп, кичинекей сандарды сүйлөсө иликтөө ийгиликтүү болушу мүмкүн. Учурда эл Матраимовдун сандыгын ачса эле андан 700 миллион доллар же миллиард чыгат деп күтүүдө. Матраимовдо мынча акча жок десе эч ким ишенбейт. Божомолдорду айтып алып коомду бөлүп, “сен сатылдың”, “сатылган жоксуң” деп Матраимовду коргоп койсо, “сен буюртма аткарып жатасың" деп да сүйлөп башташты", - дейт Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан