Быйыл май айында "Азаттык" радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган.
Финансы полициясы бул журналисттик иликтөөнүн үстүнөн текшерүү жүргүзүп, 700 миллион долларга жакын сумма Кыргыз мамлекетинен чыгарылып кетпегенин, банктар аркылуу которулганын аныктаган. Мындан тышкары мекеме Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллардын которулганы тастыкталбаганын билдирген.
Буга байланыштуу "Финполдун Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү сизди ишендире алдыбы?" деген соболго журналист Али Токтакунов жооп берди.
"Иликтөөбүздөгү сумма тастыкталды. Мейли, 700 миллион доллар эмес, 650 миллион доллар экен. Бул деле ири суммадагы акча. Финполдун иликтөөсүнөн кийин менде көп суроолор жаралды: Бул акчалар кимдики? Кимдин атына которулган? Кайдан пайда болду? Финпол азырынча бул суроолорго жооп айта элек.
Бул мамлекеттик мекеменин төрагасы Бакир Таировдун эки тууганы иштеп жаткан компанияга аталган миллиондордун бир бөлүгү которулган. Ошон үчүн Финполдун иликтөөсү боюнча шектенүүгө негиз бар. Таиров өзүн "принципиалдуу жигитмин, ишти аягына чыгарам" деп сыпаттаган. Эми ишинин жыйынтыгын көрөбүз", - деди Токтакунов.