реклама
super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чыныбай Турсунбеков: "Тышкы жана ички коопсуздугубуз боюнча Орусиянын пикири менен эсептешебиз". КҮНСОБОЛ

 

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

Анын айтымында, Кыргыз жана Орус президенттери талкуулай турган маселелер көп.

"Кыргыз Республикасы үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш катары маанилүү. Эки өлкө башчылары сүйлөшө турган маселелер жетиштүү: мигранттар, экономика, саясат, коопсуздук.

Бүгүн президенттердин жолугушуусуна ылайыктуу кырдаал түзүлүп калды. Чыккан кырдаалга жараша стратегиялык өнөктөш менен сүйлөшүп туруу маанилүү маселе. Учурда бир нерсе болжолдоп жатабыз, бирок иш жүзүндө башкача болуп калышы мүмкүн. Кыргыз өлкөсүнүн тышкы жана ички коопсуздугу абдан маанилүү, ошон үчүн Орусиянын пикири менен эсептешебиз", - деди Турсунбеков.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 4 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 4) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128862;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: