Швейцариянын Цюрих шаарынын соту корозго түндө кыйкырганга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, буга чейин шаар тургундары унаа койгон жайды тооккана кылып алган тургундун үстүнөн арыз жазышкан. Анткени ал жактагы короз түндө катуу кыйкырып, аймакта жашагандарга тынчтык бербей келген.
"Тургундар далил катары короздун кыйкырып жаткан маалын видеого тартып алышкан. Канаттуу бир түндө 14 жолудан 44кө чейин кыйкыра турганын санашып, сотко далил катары алып барышкан. Тооккананын жаман жыты да тургундардын тынчын алып жатканын айтышкан", - деп жазылат маалыматта.
Жыйынтыгында шаардык сот короздун ээсин кечки саат 10:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин тынчтыкты камсыз кылууга милдеттендирген.