КҮНСОБОЛ: Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрү айтылды. "Ата Мекен" буга чейин оппозицияда болгон эмеспи? Саясат таануучу Эдил Осмонбетов: "Ата Мекендин" оппозицияга өтөбүз дегени - бул саясий амал"

"Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Эдил Осмонбетов жооп берди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери 28 жыл ичинде накта сапаттуу саясий оппозиция болгон эмес.

"Бизде бийликтен кеткенден кийин оппозицияга кетишет. Анан бир нерсе болсо эле "саясий куугунтук" деп айтып чыгышат. Бирок өнүккөн мамлекеттерде сапаттуу оппозиция конструктивдүү болот, анын альтернативдүү өнүгүү программасы болот. Оппозиция дайыма токтобой иштейт. Мындайды өлкөбүздө көрө элекмин. Оппозициянын сөзсүз стратегиялык багыты, программасы, көз карашы болуш керек. Батыш мамлекеттерде оппозиция фактылар менен бийликке сындарды айтат.

Парламенттик мамлекетти курсак Жогорку Кеңеште көп саясий күчтөр жана оппозиция болушу керек. "Ата Мекен" партиясынын "оппозицияга өтөбүз" деп айтканы - бул саясий амал. Кыргыз өлкөсүндө накта оппозиция быша элек", - деди Осмонбетов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан