Саясатчы Бектур Асанов: "Жээнбеков президент болгондон бери "Ата Мекен" анын бийлигин колдоп, кубаттап келе жатат". КҮНСОБОЛ

"Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна саясатчы Бектур Асанов жооп берди.

"Алмамбет Шыкмаматов "биз оппозицияда жүрөбүз" деп айтып келет, бирок "Ата Мекен" акыркы президенттик шайлоодон тарта бүгүнкү күнгө чейин бийликти колдоп келген партия. Менин билгеним боюнча, бул партия бүгүнкү бийликти кубаттап, колдоп келе жаткан партиялардын бири.

Оппозиция бийликтин кемчиликтерин ачык айтат, талаш-тартышка чыгат, шайлоолордо бийликти ачык сындайт. Бирок мындай нерселер "Ата Мекен" тарабынан болгон жок, алар жалаң гана бийликти колдогон аракеттерин көрсөтүүдө. Бул партия Өмүрбек Текебаевге тиешелүү болгон айрым учурларда гана "соттор жакшы иштебей жатат" деп эле сындабаса, аны оппозиция деп айтууга болбойт", - дейт Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан