Экс-депутат Феликс Кулов: "Текебаевдин маселесинде Сооронбай Жээнбеков ыңгайсыз абалда калды". КҮНСОБОЛ

"Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

SUPER.KG порталынын "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн партиянын төрагасынын орун басары айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.

Анын айтымында, "Ата Мекендин" төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаеванын билдирүүсү шантажга окшоп калды.

"Текебаевди бошотпосоңор, оппозицияга өтөбүз" деп маселени коюу туура эмес. Анткени, эгер президенттен бийликтин сот бутагына таасир этсин деп талап кылсак, демек, президент соттун чечимдерине таасир этет дегенди моюнга алабыз. "Ата Мекен" өзү "Алмазбек Атамбаев Манас Арабаев аркылуу сотторго таасир этип, бийликтин баарын ээлеп алган" деп буга каршы күрөшүп келген да. Аталган партия өзүнүн тузагына түшүүдө", - деди Кулов.

Ошондой эле ал Текебаевдин маселесиндеги Сооронбай Жээнбековдун ролу тууралуу айтты.

"Эгер Жээнбеков сотторго Текебаевди бошоткула десе, ал Атамбаевдей сот тармагынын ишине кийлигишкен болуп калат. Кийин ага күнөө тагылышы мүмкүн. Ошондуктан "Ата Мекен" талапты туура эмес коюуда. Эгер партия сотторго кайрылып, "Текебаевди чыгарбасаңар тарых алдында жооп бересиңер" десе, анда туура болмок. Бардык маалыматтар боюнча Текебаевдин күнөөсү жок.

Жээнбеков ыңгайсыз абалда калды. Ал Текебаевдин ишинде эч нерсе кылбашы керек. Президент сотторго "мыйзам чегинде иштегиле" деп гана айтышы мүмкүн. Бийликке шантаж кылып, коркутуу туура эмес. Мындай кылбаш керек. Эгер соттор Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларды эске албаса, ошондо гана мыйзамдуу чечимдерди кабыл албаган судьялардын айынан сот реформасы ишке ашпай жатат деп айтса болот. Президентке мунапыс боюнча же президенттик аппарат соттордун ишине кийлигишпесин деп кайрылса болот", - деди Кулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан