"Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.
2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.
Анын айтымында, "Ата Мекен" партиясы 2016-жылдан бери оппозицияда. "Азыр дагы оппозицияда экенибизди баса белгилеп айтам. Оппозициянын ар кандай түрү бар: элдешкис оппозиция болот, бийликти тааныбайм деген экстремисттерге окшогон оппозиция болот. А биз системдин ичиндеги системдүү оппозициябыз, илимде ушундай. Биз мамлекеттин кадр саясаты, сот реформасы, экономикасы, медицинасы, айыл чарбасы, айтор, кайсы гана тармак болбосун, иштери чала жүрүп жаткандыгын, реформалар жүрбөй жатканын, эл күткөн жыйынтык болбой жатканын ар дайым баса белгилеп айтып келе жатабыз. Бул биздин туруктуу саясий позициябыз", - деди Шыкмаматов.
Мындан тышкары ал Текебаевдин маселеси тууралуу оюн айтты. "Текебаевдин иши резонанстуу. Бул иштин мисалында биз сот реформасы жүрбөй жаткандыгын, сот адилеттүүлүгү ишке ашпай жатканын, мамлекетте мыйзамдын жогорку күчү орнобой жатканын белгилеп көрсөтүп жатабыз. Бул "Текебаевди бошотпой койдуңар" деп таарынуу эмес. Бул Текебаевдин мисалында жалпы мамлекетте мыйзамдуулук орнобой жатканын факт катарында көрсөтүп жатабыз. Текебаевдин сотуна чейин партия кандай позицияда болсо, андан кийин деле ошондой позицияда калабыз", - деди фракция лидери.