Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев: "Ата Мекендин" билдирүүсүн "Текебаевди бошотпосоңор, талаптарыбыз күчөйт" деп түшүнүүгө болот". КҮНСОБОЛ

"Ата Мекен" партиясынын мындан аркы позициясы анын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттун чечимине ылайык болот. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. "16-июлда сот кандай чечим чыгарарын көрөбүз. Эгер адилеттүү чечим чыкпаса, оппозицияга өтөбүз. Бүгүнкү күндө биз оппозициядабыз деп расмий түрдө айта албайбыз", - деди Сасыкбаева. 16-июлда Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра каралат.

2016-жылы Текебаев баштаган "Ата Мекен" ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда "Ата Мекен" фракциясы "Өнүгүү-Прогресс" менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, "Республика-Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна саясат таануучу Алмазбек Акматалиев жооп берди.

"Ата Мекен" оппозицияга өтөт дегенде, маселе партия жөнүндөбү же Жогорку Кеңештеги фракция жөнүндөбү деген суроо жаралууда. Бүгүнкү күндө "Ата Мекен" катуу оппозицияда деп айтуу деле кыйын. Алар акыркы жолу коалициялык көпчүлүккө деле кошулбай калышты.

Учурда фракциянын кыймыл-аракеттерин жарыя кылып жатканы азыркы бийликке катуу оппозицияда эмес деп түшүнүүгө болот. Мындай айтканда, алардын билдирүүсүн "Текебаевди бошотпосоңор, талаптарыбыз күчөйт" деген мааниде түшүнүүгө болот", - дейт Акматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан