Ош шаарынын лагерлеринде 1000ден ашуун балдар эс алышты

Ош шаарынын четинде жайгашкан "Жеткинчек" балдар лагеринде жана күндүзгү мектептик лагерлеринде 1000ден ашуун балдар эс алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. “Ош шаарынын 13 мектебининен келген 600гө жакын окуучу күндүзгү, 400 бала жайкы “Жеткинчек” ден соолукту чыңдоо лагеринде болушкан. Жакында үчүнчү ирет эс алуучуларды жөнөтөбүз”,- деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Токтосун Маматов. Жайкы эс алуу лагерлери шаардык билим берүү башкармалыгы жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте июнь окуясынан жабыр тарткандардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан