Ошто Ак-Буура суусуна түшүп кеткен унаа изделүүдө. Анын ичинде 3 эркек, 1 аял болгон

Ош облусунун Ноокат районунда жеңил унаа сууга түшүп кетти. Анын ичиндеги жарандар изделүүдө. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымындагы Ак-Буура суусуна ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаада 3 эркек жана бир аял болгон.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 19 куткаруучу тартылып, саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Табылган жаран ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Түн киргенине байланыштуу саат 21:40та издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 15-июлда издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
vip.aidan96
2019-07-15 13:04:50
Ээ Аллахым акыркы кундору жакшы жанылык укпай калдыкго
+2
CuMBoJI
2019-07-15 13:55:46
Табылып калышса экен
+1
ninja82
2019-07-15 14:45:07
Кудай озу сактасынчы боодо кырсыктан. папан кожокелен ноокат районуна карабайт,карасуу районуна карайт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан