Бүгүн, 15-июлда "Эркеч-Там" өткөрмө бекетинен 150гө жакын жүк ташуучу унаа өткөрүлбөй турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, бүгүн түшкө чейин бир нече унаа өткөрүлгөн, түштөн кийин кыймыл болгон жок. Ал эми түнкүсүн өткөрмө пункту иштебейт. "Мындай кырдаалдын түзүлгөнүнө күнөөлүүлөргө, тиешелүү мекеменин жооптуу адамдарына чара колдонулса жакшы болмок", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.