ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкан айылда 10 күндөн бери электр энергиясынын кубаттуулугу төмөн болууда

Баткен облусунун Баткен районундагы чек арада жайгашкан Көк-Таш айылынын Шакша аймагындагы 15ке жакын үйдө электр энергиясынын кубаттуулугу өтө төмөн болуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, мындан улам муздаткыч, сыналгы жакшы иштебей, кичи лампалар шам чырактай болуп турат. "Бул маселенин жаралганына 10 күндөн ашса да, Баткен РЭСи тарабынан тийиштүү аракеттер көрүлбөй жатат. Ошондуктан урматтуу бийлик өкүлдөрү, өкмөттөгү, облустук, райондук жетекчилер, Баткен РЭСине тийиштүү чара колдонуп маселени тезинен чечип берсеңиздер", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-07-18 23:05:36
Аймактарды карангы кылуу жылы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан