Өзгөндө жаңы төрөлгөн кызын атасы 30 миң сомго сатууга аракет кылган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына Ош облустук соттон тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 15-июль күнү сатууга аракеттенген жарандын кызы 25-июнь күнү төрөлгөн.
Кылмышка шектелип кармалган А.А. аттуу жаран 1997-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну, ал эми ымыркайдын энеси 1995-жылы туулган Баткендин тургуну экени аныкталган. Учурда ымыркай тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан алынып, реабилитациялык борбордо каралууда.
"Кылмыш Ош шаарынын аймагында болгондуктан 17-июль күнү шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жарандар 2 айга үй камагына алынган", - деп билдиришти облустук соттон.