Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга бүгүн, 6-августта кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ал терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттердин майнаптуулугун жогорулатууга багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.