Ак калпак менен чепкендин баркы кеттиби? Ольга Бузовага тартууланган улуттук кийимдер кызуу талкуу жаратты

Кечээ, 19-июлда Бишкекке орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова келген. Ал борбордогу лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке атайын конок катары чакырылган. Концерттен кийин уюштуруучулар ырчыга саймалуу чепкен, ак калпак жана камчы тартуулаган.

Ольга Бузова конок бөлмөсүнөн тартуулаган белектерди кийип көрүп, камчыны бир нече жолу жерге, столго дагы чаап көргөн. Видео социалдык тармактарга тез эле жайылып, талкууга алынды. Айрым интернет колдонуучулар маданиятыбыздын баркын кетирип жатканыбызды айтышса, айрымдары нормалдуу эле көрүнүш экенин жазышкан.

"Бузованын үстүнө чепкен жаап, башына калпак кийгизгени ашыкча деп ойлойм. Ага кийгизбеген күндө деле жанындагылар кыргыздын улуттук кийимдери барктуу экенин билишпейт. Алар мындай белекке татыктуу эмес!", "Белекке бере турган улуттук буюмдарыбыз көп. Аял кишиге чепкен жаап, калпак кийгизбей эле башка нерсе тартууласа болмок", "Акыркы мезгилде өзүн сыйлабаган кыргыздар көбөйдү. Улуттун, салттын баркын, баасын түшүрүп бүтүштү", "Бизде айымдарга жарашыктуу улуттук кийимдерибиз бар го. Дагы аял кишиге эркектин кийимин кийгизиптир, таң каласың. Камчыны эмнеге берди? Баш кийимибиздин баркы калбады. Камчы менен калпак оюнчук катары эле көрүп калды", - деген пикирлерин калтырышкан.

Ал эми айрымдары белек берүү уят эмес экенин, жакшы иш экенин айткан.

Буга чейин UFC`нин чемпиону, кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко Бишкекке келип күйөрмандары менен жолугушуу учурунда башына калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылган. Андан кийин мушкер Ош шаарына барып күйөрмандары менен жолугушкан. Шаардагы жолугушуулардын биринде мушкерге кыргыздын улуттук кийимин, элечек кийгизишкен. Ага чейин шаар тургундары Шевченкого кемсел кийгизип, башына жоолук салып тосуп алган эле.

Орусиялык ырчы, алып баруучу Ольга Бузова чепкен менен калпак кийди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Aiymkunumjyldyzym
2019-07-20 13:08:55
Шевченкого кийгизип элдин таландысына калып калганда сабак алган жоксунарбы.Калпак менен чепкен силерге купалник менен шляпабы.Соз жазганга да татыктуу эмессинер.мээсине кун отуп кеткен бироо кийгизген го муну.мындай кыоа турган ишти кылгылачы.кана эми кийгизген кийимди барктаса мунунар ойноп жатат го.орус эмес кыргыздын минтип камчыны эрмектегенин коро элекмин.
+3
karona12
2019-07-20 13:31:35
Калп эле чурулдаштын кереги жок,калпак чапанды продюсерине кийгизишти.Бузованы Ысык Кол менен Чункарчака алып барыш керек болчу абдан чон реклама болмок анын 16миллион катаалучусу бар да.
-1
Avrora2017
2019-07-20 15:18:15
karona12,чын эле жакшы реклама болмокда фанаттары иолтурада Бузованын
-1
Kyrgyz_bloger
2019-07-20 13:44:30
Каяктагы бир Бузова,Тимати Киркоров деген шайтандарды кумир тутуп чакыра бергендер жакпайт да,кече келди дегенде ойлогом орустар барса керек деп корсо баалуу белекти татыксызка берип жайлаган экен да кыйраткандар.
+6
Janym_ata_enem
2019-07-20 14:28:31
Эми Дима Билан келет. Ошого элечек кийгизип жоолук салышса таң калбайм
+7
Nazar76
2019-07-20 14:49:21
Бизде эмне болуп калган эркек менен аялдын айрымасын тушунбой калышканбы
+3
nazi25
2019-07-20 16:20:53
Эркектин кийимин да береби ХХХХХ
+1
Eli.91
2019-07-20 16:22:27
Кыргыздар ушунтип озунун баркын озу тушуруп жататда.Башка жактагылар итак деле кулку кылып атса керек кыргыздын кыздары эркетей журуп эркектери катындай болуп калды деп.
+1
O.dembele
2019-07-20 20:01:48
Эркеги келсе элечек кийгизгиле эми...
+1
nargiz-sa
2019-07-20 21:40:16
Кыргызда негизи камчы мн баш кийим белекке берилип тартуу кылынган эмес. Баш кийимди бергенин башымды тартуу кылам дегендик, камчыны берген бийлик кучумду тартуулайм дегендик. Манкурттук аял кишиге эркектин кийимин буюмун тартуулаган. Анан дагы Бузовага бергендик бул жеткен Манкурттук
+1
Take_men
2019-07-20 22:40:38
Ак Калпакты жок дегенде Валя Шевченкого берсе болот эле. Бузова деген секс скандалистка
+1
ulanbek2000
2019-07-20 23:07:28
Ак калпакты туш келгенге кийгизип баркын кетирип жатышат.
+1
ayday9090
2019-07-21 00:32:37
Жарым жыланач кийинип уну жок бийлеп кеткен бироого жалпы улуттун сыймыгы жана намысы болгон кийимди не бересинер,туш келгенге кийгизе бербегиле,уюштуруучулар деле же кыргыз же орус эмес бироолор окшойт,татыктуу нарктуу гана инсандарга белек кылыш керек ,ошол боюнча деле мый зам киргизип коюшса болмок экен
0
raykray
2019-07-21 04:23:53
Мен тушунбойм эмнеге эркектин кийимин аялга белекке бересинер??? Кантип кандай адам берет же шылдындаганыбы? Бул кийимди чон аталарыбыз кийчу элего? Инстаграмдан коруп давлениям которулду Бузомаймыл болдуго кийип алып?!
0
supish2017
2019-07-22 07:59:00
Калпагынды бергенин башым тартуу дегенин,
Камчы тартуу кылганын күчүм тартуу дегенин,
Чепкен берип, жапканың акыл айтып ой кошчу
Карыларым кырылып, кыргыз өлдү дегениң...
+1
nazira...
2019-07-22 09:21:06
жерге чаап ойногонун кара, сыйлабастыгы да. путин келсе элечек кийгизгиле эми, кылбаган ошо эле калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан