"Жебе" тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков уулдуу болду. "Төрөткө мен дагы катыштым"

"Жебе" тобунун мурдагы ырчысы Минур Алтынбеков ата статусуна ээ болду. Атамдын туулган күнүндө уулдуу болдум деген ырчы SUPER.KG`ге буларды айтып берди.

"Жубайымдын толгоосу кечээ, 20-июлда кечинде башталган. Төрөтканага эртең менен келдик. Бүгүн, 21-июлда саат 16:05те уулубуз жарык дүйнөгө келди. Төрөткө мен дагы катыштым. Ата болгонума бирде ишенип, бирде ишенбей көзүмө кубанычтын жашы келип жатат. Анын үстүнө бүгүн атамдын туулган күнү болчу. Чоң атасына белек болду. Эне-баланын абалы жакшы", - дейт ал.

Ырчы уулуна ысымды чоң ата, чон апасы коёрун кошумчалады.

Минур Алтынбеков сүйүктүүсү Жазгүл менен 2018-жылдын сентябрь айында үй-бүлө курган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KAYRATBEK
2019-07-21 21:01:34
Куйосу торотко катышпаганы жакшы. Себеби эркектин конулу калып калат. Шариятыбыз да уруксат бербейт. Аял аял жолунда эркек оз жолунда болгону жакшы.
+4
Dj.
2019-07-21 21:21:44
Бул баланын апасы барбы, болсо аты ким?
-2
Alfiya
2019-07-21 22:13:33
Торотко катышканы жакшы, аялынын кыйналганын корсун. Эми торотко катышканда конулу калгыдай эркек озу торотмок беле, аялынын баш жагына эле тургузуп коюшат го.
+2
Nevestkaa
2019-07-21 22:28:46
Кантип күйөөсүн төрөтүнө катыштырат тообо.Эң жакшысы күйөөсү сыртта эле күткөнү жакшы,ар төрөтүнө катышса да эркек киши эки күндөн кийин унутат.
0
Assalomuallekum
2019-07-22 08:48:45
Туура торотко катышпаганы жакшы конул калып калса керек эркек эркектей болуш шарт болуш керек
+1
nazira...
2019-07-22 09:25:44
катышпайэле эшикте турганы жакшы го
0
KaGaH
2019-07-22 19:44:42
Бул ким?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан