“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Коррупциогендик факторлорду алып жүргөн шилтемелүү ченемдерди жокко чыгарууну жана КРнын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык ар бир конкреттүү учурда айыптардын өлчөмдөрүн аныктаган жоболорду тактоону караган өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан