Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 6-августта билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган. Ал соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары жана кызмат адамдары менен өз ара аракет тартибин өркүндөтүүгө багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.