Ысык-Көл. Облус боюнча Тоң району активдүүлүгүн көргөзүүдө

Ысык-Көл облусунда саат 16:00гө карата алынган маалыматтар боюнча, 190676 шайлоочунун 64436сы же 33,8 пайызы өз добуштарын беришти. Райондор боюнча алсак, Ак-Суу районунда - 12261 адам же 36,9 пайыз, Жети-Өгүздө - 13867 адам (31,1%), Ысык-Көлдө - 14785 адам (29%), Тоңдо - 11944 адам (43,4%), Түптө 11579 адам (33,7%) добуш берди. Ал эми Чолпон-Ата шаарында 1410 адам же 21,4 пайыз шайлоочу атуулдук милдеттерин аткарып бүтүштү. Учурда шайлоо уланууда. Ушул убакытка чейинки алынган маалыматтар боюнча, мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан