Ысык-Көл. Каракол шаарындагы бала бакчалар менен мектептердин окуу жылына карата даярдыгы текшерилди
Каракол шаарында жайгашкан
мектеп, бала бакчалардын жаңы окуу жылына балдарды кабыл алууга карата даярдыгы текшерилди. Ага шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери катышты. Бул тууралуу Каракол шаарынын
вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди. "Жергиликтүү бюджеттен бала бакча, мектептерди оңдоо ишине 8 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражат кандай сарпталып жатканын текшердик",- дейт Орозова.