
Орусиянын президенти
Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө саясий туруктуулук керек экенин билдирди. Ошондой эле ал кыргыз эли азыркы президент тарапта болуп өлкөнүн өнүгүшүнө жардам бериши керек экенин кошумчалады. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 24-июлда Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевди Кремлде кабыл алды. Орусиянын президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буларга токтолду.
"Менин позициям белгилүү. Алмазбек Атамбаевге чейин эле позициямды жеткиргем. Кыргыз өлкөсү бизге шериктеш, жакын мамлекет. Кыргыз Республикасы эки ирет ички саясий кагылышууларды башынан өткөрдү. Менин оюмча, Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн бул нерсеге чекит коюлушу керек.
Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын кызматташуусунда көптөгөн пландар бар. Биз азыркы бийлик менен бардык пландарды ишке ашырууга даярбыз", - деди ал.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кант шаарында жайгашкан авиабазадан Москвага учуп
кеткен. Учак саат 18:15те "Внуково" аэропортуна конгону
маалымдалган. Атамбаев Москвага 1 күнгө кетти.