Талас районундагы Көпүрө-Базар айылынын уздары жаңы имараттуу болушту

Талас районунун Көпүрө-Базар айылында кийизден улуттук буюмдарды жасаган цех куруу үчүн уз кыз-келиндерге атайын имарат бөлүнүп берилди. Бул тууралуу 6-августта өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Чебер кыз-келиндер тобунун башчысы Гүлмира Сманкулованын айтымында, эми айыл жергесинде иш таппай жүргөн кыз-келиндер иш менен камсыз болот. Муну менен бирге учурда Көпүрө-Базар айылына жалпы суммасы 7,5 миллион сомго бааланган таза суу түтүктөрү тартылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан