“8-август - Орозо айт майрамына карата шаардагы борбордук аянтты тазалоо иштери жүрүүдө. Айт намазга карата 10 миңге жакын адам чогулары күтүлүүдө”,- дейт Ош шаардык мэриясынын адиси Айтбай Маасалиев. Эске салсак, шаардын борбордук аянтында Айт намазын уюштуруу жөрөлгөсү 2012-жылдан бери улантылып келе жатат. Борбордук аянттын тазалыгы "Тазалык" ишканасынын көзөмөлүндө.