Ош шаардык мэриясы 5-августта шаардагы улгайган курактагы 1000дей адамга ооз ачарлык уюштурду. Ага пенсионерлер, шаардагы “Боорукердик” жатак үйүндө жашаган карыялар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, эмгектин ардагерлери жана башкалар катышты. Мындан сырткары Египет, Сауд Арабиясы, Казакстан, Кытай, Орусия өлкөлөрүнөн да өкүлдөр катышканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.