Бишкектеги Эмен сейил багында ишембилик болуп, 7 унаа таштанды чыгарылды

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 3-августта Бишкектеги Эмен сейил багында ишембилик өттү. Бишкек мэриясы "Мекендештердин бирикмеси" ассоциациясы менен биргеликте уюштурган иш-чарада 7 унаа таштанды чыгарылып, ишембиликке 100 киши катышты. Анда бактар буталып, сейил бактын аймагы таштандылардан тазаланды. Белгилей кетсек, сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Ал жерде 782 түп бак-дарактар отургузулган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан