NewTV жана NURTV телеканалдарынан Курманбек Бакиев тууралуу көрсөтүлгөн даректүү тасма талкуу жаратты. Даректүү тасма Бакиевдин 70 жылдык юбилейине арналганы жазылган. Анда убагында Курманбек Бакиев жакшы иштегени, сый-урматка ээ экени көрсөтүлгөн. Берүү көрсөтүлөр замат интернет колдонуучулары нааразычылыгын билдирип чыгышты.
NewTV телеканалынын жетекчиси Нурлан Шакиев Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын басма сөз катчысы болгон.