Ош шаарында Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгү ушул жылдын 6 айында мамлекеттик органдардагы 435 бош орунга (акимчиликте, салык инспекциясында, маданият, спорт тармагында) 784 адамды тестирлөөдөн өткөрүшкөн. Жыйынтыгында 422 талапкер 50 пайыздан көп упай топтоп кызматтарга орношушкан. Бул боюнча аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Таалай Зикиров 6-августта билдирди.