Ысык-Көл облусунда кезектеги адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды. ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Түп РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган райондун Д.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн күч колдонулуп өлтүрүлгөн жарандын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөнүн, укук коргоо кызматкерлери текшерүүгө алганда ага бир нече жолу бычак сайылганы белгилүү болгонун айтат. Маркум 18 жаштагы К.А. экендиги аныкталды. Ал 25-июлдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде каттоодо турган. Ал эми кылмышка шектелип анын өлүмүн милицияга кабарлаган жарандын 16 жаштагы уулу М.Д. колго түштү. "Кылмышка шектүү күнөөнү мойнуна алды жана далил буюмдар алынды",- дейт Усубакунов. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Түп РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камалды.