2013-жылдын 6 айында Кыргызстанда балдардын
төрөлүүсү азайганын Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 1000
кишиге 25 жаңы төрөлгөн бала туура келген. Өткөн жылдын ушул убагында бул
көрсөткүч 28 болгон. Балдардын төрөлүүсү Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында
көп катталган (1000 кишиге 26-29 ымыркай). Ал эми Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын,
Чүй облустарында 1000 кишиге 22-24 жаңы төрөлгөн балдар туура келген.