Үзүлбөгөн үмүт... "Жакында абактан чыгышым мүмкүн" дейт Чүйдүн №8 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан жаран

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү абагында 800дөн ашык адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Өзүн Улан (аты-жөнү өзгөртүлдү) деп тааныштырган 27 жаштагы жаран мыйзамсыз курал-жарак сактап жүргөнү үчүн кармалып, 8 жарым жылга эркинен ажыратылган.

"Жаш экенмин, мыйзамсыз курал алып жүрүү болбой турганын билбептирмин. Ал куралды деле досторумдан алып, үйдө сактап жүргөм. 2016-жылы кармалдым.

Өкүм чыккан соң ушул абакка келдим. Бул жерде жумуш деле жок, иштебейбиз. Эң башкы жазабыз эркиндигибизден ажырап, жаш туруп ушундай жашоо кечирип жатканыбыз деп ойлойм. Күнүбүз эртең менен туруу, тамак ичүү менен эле башталат. Кээ бирөөлөр кол өнөрчүлүк менен алектенип, ар кандай буюмдарды жасашат. Мен эч нерсе деле жасабайм, бирок үйрөнгүм келет. Эркиндик деген баары бир башкача болот экен. Бирок мыйзамды буздукпу, демек, жаза алышыбыз керек да.

Мага жолугушууга апам келип турат. Ата-энемди сагынам, алардын ден соолугун тилейм. Буюрса, жакында эркиндикке чыгып калышым мүмкүн. Себеби ишим азыркы учурда сотто каралууда. Эгерде сот жакшы жакка чечим чыгарса, балким, бул жактан чыгам. Алдыда пландарым көп. Биринчи кезекте үй-бүлө кургум келет. Ата-энеме жардам берип, андан соң жумушка кирип иштейин деген тилегим бар. Мен мурда алып-сатуу менен алектенчүмүн. Эркиндикке чыксам деле ошол иш менен алектенем деп ойлоп жатам", - деди Улан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakubek
2019-08-01 22:57:14
200 000 сом штраф толотуп бошотуп коюш керек
+1
Take_men
2019-08-02 07:55:55
Sakubek, 200 миң төлөп чыгып келип түнү сенин үйүңө кирип тоноп башыңды чачырата атканда башкача сүйлөйт элең да
+5
tim90
2019-08-01 23:38:18
Курал сактаганга 8 жыл берсе, арак сатканга 10 жыл бериш керек
+4
jypar.ermatova
2019-08-02 03:14:01
Амиин чыгып кет Ата энендин жанына
+4
Koichuman
2019-08-02 20:24:16
Колдо бар алтындын баркы жок дегендей. Эркиндиктин баркын билбей жургонсунда козуну май басып. Адамдын чойросу жакшы болушу кыйын. Намаз окуп жакшы иш менен алек бол. Ал жак коп умутторду сындырат жаш экенсин эрктуу,сабырдуу болуп ниетини туз кылсан эле бардыгы жакшы болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан