Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчиси маркировкалоо сапаттуу экенин айтып чыкты

Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маркировкалоого токтолду. Ал маалымат жыйынында маркировкалоо сапаттуу экенин айтып, жадакалса өзү жууп кетиргенге аракет кылып көргөнүн моюнга алды. "Мен бүгүн добуш берип бүткөндөн кийин маркировкаланган колумду жууп, андан калган такты кетире албай койдум. Маркировкалоо иштеп жатат жана ал өз ишин аткарууда",- деди Т.Сарпашев. Айта кетсек, буга чейин бир катар байкоочулар маркировкалоонун сапаты начар экенин айтып чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан