Президент: "Орусияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбыздын акыбалы бир топ жакшырды"

"Азыркы кезде көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө жакшы ийгиликтерге жетишип, түпкү мекенинде маанилүү экономикалык, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга кирише башташты" деп бүгүн, 2-августта президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтты.

Мамлекет башчысы Кыргыз жарандары бир топ өлкөлөрдө көпчүлүгү Орусияда окуп, иштеп жатышканын белгиледи.

"Орусияда эмгектенип жаткан биздин жарандарыбыздын акыбалы бир топ жакшырды. Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке колдоосунда жарандарыбызга миграциялык жеңилдетүү жана "кара тизмеден“ чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда иштөөгө шарт түзүлдү. Орусиядагы мекендештерибизге көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Владимир Владимирович Путинге мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирип кетем", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен анын ичинде Орусия, Казакстан жана Өзбекстан менен кызматташуунун бардык багыттарында активдүү динамика байкалып, тыгыз жана ишенимдүү саясий диалог калыптанганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков бардык айтылган маселелер боюнча тиешелүү жумуш башталып, анын ишке ашырылышы мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Ошондой эле, ал жарандарды чет мамлекеттерде окуп келгендерди дагы жумушка орноштурууда таза жана ачык-айкын атаандаштыкты түзүүнүн маанисин белгиледи.

"Биз жумушка орноштуруунун таза системасын түзүшүбүз керек. Жаңы мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы бош кызмат орундары жөнүндө маалымат Мамлекеттик кадр кызматынын ачык булактарында жарыяланат" деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
zahid
2019-08-02 15:10:08
Оа кыйраттынар
+12
Bektur2011
2019-08-04 23:43:30
zahid, Мигранттарды кабыл алып, аларга конул буруп жаткан президентке ийгилик каалайбыз! Сизди колдойбуз жегендер жооп берсин!
0
Dj.
2019-08-05 02:47:26
Bektur2011, Соке сага канча толоп берет, Сокенин троллу болуп аны мактап жазганын учун?!!

Сокенин намысы болсо, бир ууч кошоматчы бизнесмендерин топтоп алып, ушулар мигрант деп элди алдагандан уялмак. Намаз окуйт дейт, Соке эл козуно намаз окумуш болот, чынында намаз окуган такыба адам Сокенин таптакыр карама-каршысы...
0
Jango
2019-08-02 15:26:58
Ашанын эмгеги чон бул жерде
+6
Bektur2011
2019-08-04 23:43:50
Jango, Атамбаевдин кылдай тиешеси жок буга!
0
Kalnazarov89
2019-08-02 15:53:35
Мин эсе жакшырса дагы,оз олкобуздо жашап,иштегибиз келет.
+18
Azatbek.Svoboda.
2019-08-02 16:07:44
Уялышса болмок ушул созду айтканда!Кыргыз олкосуно кайтып келип ишке орношушту дешсе башка кеп болмок!Бирок силерге карапайым калк темселеп талаалап иштеп акча салышса ошол пайдалуу!
+16
Bektur2011
2019-08-04 23:44:32
Azatbek.Svoboda., кайдагыны айтпагылачы келжиреп! Создун маанисине тушунбогон неме окшойсун!
-1
zhaku2017
2019-08-02 17:41:04
Соке АШАнын жасап кеткен иштерин пайдаланып жатат.
+4
Dalil
2019-08-02 20:02:33
zhaku2017, АША Бакиевдикин пайдаланган
+9
Mamiev
2019-08-03 02:19:31
Dali,Аша пайдаланган эмес ал андан хуже кылып кетти. Аша каша кылган
+3
Bektur2011
2019-08-04 23:45:43
zhaku2017,Кайсы ишин айтып жатасын? Атамбаев кредитти уурдап элди тоногон. АШАнын косяктарын кемчилигин жоюп жатат
0
Dj.
2019-08-05 02:49:27
Bektur2011, АША элди тоносо, Соке да АШАнын изи менен келе жатат элди тоноп. Эл сокур эмес, баарын коруп турат. Кумтор баштаган бут алтын кенинен паралар Сокенин чонтогуно тушуп жатат...
0
elchi84
2019-08-02 19:55:34
Мен Кыргызстанда эле окуп бутком ишке кире албайм тааныш пилиш тууган урук .
+3
nabievich
2019-08-04 23:48:13
1 млн 200 миң кыргызстандык мигрант россияда экен мекендештерге жакшы шарт түзгөнгө бийлик аракет кылып жатат
0
altyn-kumush
2019-08-05 00:14:51
Россияда эн эле грамотный биздин мекендештер жана нормальный жерлерде иштеген кыргыздар. Мурункудай эмес, документтерди алуу да бир кыйла оной болуп калган
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан