Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде "адам өлтүрүү" беренеси менен отурган Нурдин (аты-жөнү өзгөртүлдү) азыр 34 жашта. Ал 29 жашынан бери абакта күн кечирүүдө. Анын алдыда дагы 8 жыл убактысы бар.
"2014-жылы жумуштан кеткем. Депрессия болуп, башка жумуштарда дагы иштеген жокмун. Аракеч "досторум" көбөйүп, алар менен үйгө барбай ичип жүрө бердим. Арактын арты качан жакшы менен бүтчү эле? Бир күнү күндөгүдөй үч досум менен ичимдик ичип отурганбыз. Бир убакта бирөөбүздүн телефонубуз жоголуп кетти. Шеригим экөөбүз чогуу ичип отурган бир досубуздан көрүп, аны сабап койдук. Бир аздан кийин анын күнөөсү жок экенин билип, кайра элдешип арак ичтик. Эртең менен турсак эле ал досубуз каза болуп калыптыр. "Тез жардам" чакыртсак, алардан биринчи милиция кызматкерлери келип бизди кармап кетишти. Кечинде анын абалы жакшы эле болчу. Бети-башы көгөрбөсүн деп ичке тепкем. Ошондо ичеги карындары эзилип кетиптир. Аны каза болуп калат деп ойлогон деле эмесмин. Кылган күнөөмдү моюнума алам. Шеригим экөөбүзгө сот 3 айда чечим чыгарып, аны 13 жарым жылга, мени 13 жылга кести. Ал жазасын учурда күчөтүлгөн абакта, мен бул жакта өтөп жатам.
Өзүм ресторандардын биринде администратор, кийинчерээк белгилүү бир компанияда жарнама боюнча менеджер, клубда ди-джей болуп түрдүү жумуштарда иштегем. Атам Бишкектеги райондордун биринин акими болчу. Ал эки жыл мурун каза болуп калды. Бирок ага топурак салууга бара алган жокмун. Негизи мыйзам боюнча суранып барса деле болмок экен, бирок мен бара алган жокмун. Эки айга жакын өзүмө келе албай жүрдүм. Бир жыл мурун апам инсульт алып, төшөккө жатып калган. Аны бир тууган байкем, жеңем карап жатышат. Үч эжем турмушка чыккан, алардын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Мага агам келип турат. Сенин жакшы, жаман иштериңе бир гана тууганың күйөт экен. Көп эле досторум кол үзүп кетти.
Бул жакта жашоо өтүп жатат. Өзүм жер-жемиш айдап, өстүрөм. Үч жылдан бери намаз окуп, орозо кармап келем. Мен үчүн эркиндик биринчи орунда", - дейт Нурдин.