Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанда жол кырсыгынан каза тапкан Кыргыз жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Ички иштер министрлигине Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүүнү жана маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Мухаммедкалый Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, өкмөттүн аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.
Кызыл-Ордо облусунда КамАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, эки Кыргыз жараны каза болгонун казакстандык басылмалар жазып чыгышкан.
Кыргыз мамлекетинин Алматы шаарындагы Башкы консулдугу билдиргендей, 1-августта Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгынан Кыргыз Республикасынын беш жараны каза болгон. Алар: 1974-жылы туулган А.К., 1978-жылы туулган С.Н., 1983-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туурган М.У., 2001-жылы туулган К.А. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ар түрдүү жаракаттар менен үч Кыргыз жараны ооруканага жаткырылган.